Menu

Муйбиллаевдин муңу жазылды, аягы суюк Асел жазасын алды

Бөлүшүү:

Бу кийинкы кыргыз турмушунда кокуй иштер аябай эле көп болуп кетти. Ошондой болумсуз иштердин бирин кыска баян кылалы.

Финполициянын мурунку башчысы Акимжан Муйбиллаев милийсада иштеп жүргөндө Каныбек Туратов деген неме ошол жерде штаттан сырткары кызматкер болуп иштечү. Кийин Муйбиллаев финполицияга жетекчи болгондо Туратовду кызматка алат. Туратов болсо, аял алып Муйбиллаевди «өкүл ата» коёт.

Муйбиллаев 2000-жылы туулган Асел деген кыз менен жакындашып алып, бир күнү – 2019-жылы 3-майда экөө «Жал» кичирайонундагы «Богиня» деген мейманканага барып жыныстык катнаш кылышат. Муну Туратов видеого тартып алат. Анын экөө бир күнү жолугушуп, Туратов баягы тартып алган немесин көрсөтүп шантаж кылат, «500 миң доллар берсеңиз буларды өчүрөм, болбосо, жашы жете элек кызды зордуктады деп видеону интернеттен көрсөтөм, милийсага арыз менен кайрылам” – дейт. Бул жөнүндө Асел менен сүйлөшүп алган да, толгон акчалуу болобуз дешкен го… Бу Каныбек Туратов деген жөн жүрбөгөн неме тура, ал мурун Муйбиллаевдин кайненесинен бизнес кылам деп 30 миң доллар алат да, бизнеси болбой калып, алган акчасынын 3 миң эле долларын кайтарып берет, калган 27 миң долларды кийин берем деп тилкат жазып берет.

Жакында Бишкектин соттук коллегиясы өкүм чыгарды: Каныбек Туратов 2,5 жылга соттолуп, 50 миң сом айып пул төлөмөй болду, ал эми абийири жок Асел деген кыз 2,5 жылга кесилип, 160 миң сом айып пул төлөмөй болду. Ошентип, эки аферист жазасын алды!

Булак: “Багыт”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: