Акыйкатчы институту өгөй энесинен запкы жеп, денеси көгала болгон кыздын абалы менен таанышты. «Наристе ачык мүнөз, шайыр кыз экен. Мектепке таптакыр барган эмес. Ал курсагы ачкандан нан жеп койсо өгөй апасы сабагандыгын айтты. Кыздын өз апасы эки жыл мурда дайынсыз жоголгон. Атасы курулушта иштейт экен. Өгөй апасы үйдө балдар менен отурат. Бул кыз Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин жеке көзөмөлүнө алынды деп жазылат» омбдусмен институту тараткан маалыматта.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ