Menu

“Ихласка” ичи күйгөн ким?

Бөлүшүү:

Ата мекендик алдыңкы курулуш “Ихлас” компаниясынын негиздөөчүсү Нурбек Осмонов: “Жантөрө Сатыбалдиев, Икрамжан Илмияновду дайыма бизге жармаштырып келишет. Биз так кесе айтабыз, булардын бизге такыр тиешеси жок! Алар менен өнөктөш да эмеспиз!” – деген билдирүү таратты. Маалым болгондой буга чейин айрым маалымат каражаттарында Бишкектин Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөр курулуп жаткан 5 гектар жерди “Илмиянов менен Сатыбалдиевдин” “Ихлас” фирмасы ээлеп алган деген маалымат жарыяланган. Аталган курулуш компаниясы сөз болуп жаткан жер 5 гектар эмес, 2.868 гектар экенин жана ал мыйзам негизинде алынганын, “каралоо” токтобосо мыйзам чегинде сотко кайрыла турганын билдирди. Жогорку Кеңештин депутаты Табалды Тиллаев ал жер “Ихласка” кантип тийип калгандыгын иликтөө керек деген пикирин айтты. Балким, бул маселеде өзүнүн да кандайдыр бир кызыкчылыгы бардыр?

Булак: Багыт

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − 53 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: