Эстрада ырчысы Нурлан Насиптин Instagram тармагындагы аккаунтуна бир миллион адам катталды. Муну менен ал өздүк баракчасына миллион катталуучу топтогон Кыргызстандагы үчүнчү адам болду. Бул тууралуу ал өздүк баракчасына жазып чыкты.
“Сүйүктүү окурмандарым, мени менен бирге болгонуңуздарга ыраазычылык. Бирок кечириңиздер мен той бере албайм. Суранып жаткандар үйгө келип чай ичип кетсеңиздер болот”, — деп ырчы тамашалады.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда биринчи ирет эстрада ырчысы Самара Каримова быйыл Instagram баракчасына миллион катталуучу топтогон. Мунун урматына ал жакындарын чакырып той берип, коомчулукту таң калтырган. Андан бир аз өтүп, ырчы Анжелика да бул көрсөткүчкө жеткен эле.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ