Беларусиянын президенти Александр Лукашенко анын кийип жүргөн бут кийимине Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев да кызыгаарын айтты. Бул тууралуу беларусиянын “Белта” сайты жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Александр Лукашенко беларусиялык “Марко” ишканасынын өнүгүү боюнча докладын угуп жатып, бул фирманын бут кийимдерин өзү да киерин айткан. Ошондой эле анын бут кийимине башка мамлекеттердин да башчылары кызыгышарын кошумчалаган.
“Мен башка өлкөлөрдүн президенттери менен жолукканда алар ар дайым италиялык же франциялык бут кийимдерди кийип жүрүшөт. Бир жолу Назарбаев мен кийип жүргөн туфлиге кызыгып “каяктан алдың?” деп сураганда “Беларусиядан” десем ишенген жок. Анан чечип, “Марко” деген жазууну көрсөткөм”, – деди президент Лукашенко.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ