UFC уюмунун президенти Дана Уайт Россиялык спортчу Хабиб Нурмагомедов кийинки беттешинде 50 миллион доллар табышы мүмкүн экендигин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
“Ооба 50 миллион долларга чейин гонорар алууга мүмкүн. Хабибдин командасы бул тууралуу билишет жана жообу да белгилүү. Алар мындай суммадагы гонорарды талап кылууга укугу бар”, – деп билдирген Дана Уайт.
Азырынча Хабибдин атаандашы ким болору жана беттеш кайда өтөрү белгисиз.
Айрым маалыматтарга караганда Хабиб Нурмагомедов Ирландиялык Конор Макгрегор менен болгон беттешинде 2 миллион долларга жакын гонорар алгандыгы айтылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ