«ЮграPRO» маалымат агенттиги кабарлагандай, Орусиянын Ханты-Мансийск автономдук аймагына караган Югранын тургундары жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн арасынан эң популярдуу аба каттамдары деп Кыргызстан жана Таиландды айтышты.
Маалыматка ылайык, 2016-жылдын январь айында Сургуттун аба майданынан Бангкокко 3590 адам учкан. Жакынкы чет өлкөлөрдөн өзгөчө кадыр-баркка ээ болгон аба каттамдардын арасында «Сургут – Хужанд (Таджикистан)» — 1801 жүргүнчү, анан Ош – 1369, Бишкек – 1032, Баку (Азербайжан) – 482. Жүргүнчүлөрдүн жалпы саны боюнча Кыргызстан алдыда – 2401 адам.
Агенттик мындай статистиканы түндүк аймакта азыр көпчүлүк мигранттар Тажикистан, Азербайжан жана Кыргызстандын тургундары тузгөндүгү менен түшүндүргөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ