Menu

Азимбек Бекназаров: “Атамбаев шоопур, секретарлары менен мамлекетти башкарып жатат”

Бөлүшүү:

Март айы саясий саймаларга маарыды. Жаз чыгары менен парламенттеги эмес, көчө оппозициясы бийликке каршы акцияларын уюштура тургандыгы белиглүү болуп жаткан эле. Ал айтылгандардын кызыгы айдын тең жарымынан тарта башталат өңдөнөт. Так айтканда, революциялардын адвокаттык кеңсесиндеги сүйлөнгөн сөздөр  жашыруун жазылып алынып, интернеттен таркатылган болчу. Ошондо бир нече оппозиционер делген саясатчылардын үндөрү чыкканы менен аларга Азим баатырдын үнү лидерлик кылып жатканы байкалат. Ошондуктан биз белгилүү жактоочу, саясатчы жана революционер инсан менен баарлашып көрдүк.
 –Азим байке, өлкөдө 3-революция жасаганга аракет көрүп жаткандыгыңар тууралуу аудио жазуу интернетти титиретип жиберди.мына ушунун чын –жалганын өзүңүздөн уккубуз келет. Анткени сизди ал жерде лидер катары сыпатташууда…
Ал аудиону угуп алып азыркыга чейин мен өзүм дагы таң калып жатам. Менин жанымда жүргөндөр эле “Бекназаровду кошпош керек” деп өз ара сүйлөшүп жаткан жери бар. Булар эми чындап эле мага каршы иштеп жатышабы же бийлик мени жаманатты кылып, ушундай жол менен дискриминациялайлы дешкенби? Менин позициям белгилүү да. Революционермин деп төш кагып мактанбай эле коеюн, аны эл жасады. Бирок лидер катары башкарып жүрдүм, революцияны жон терим менен сездим. Ошентсе дагы ачык айтайын- эки революциянын тең максаттары ишке ашкан жок. Эл жөн эле алданып калды. Биз эми жан дүйнөнүн революциясын жасайбыз. Биринчи кезекте кыргыздар, жалпы эле Кыргызстандын жарандары жан дүйнөбүздү оңдошубуз керек. Революцияны өзүбүздөн баштайлы. Ушуну буга чейин деле тынбай айтып келгем. Эми мындан ары дагы кайталайм. Туура, мени пайдаланып көбү революция жасайбыз дешет. Бирок менин позициям так. Ошондуктан бир айткан сөзүмдөн
-Аудиодо логикага сыйбаган, карама-каршы сөздөр айтылат. Демек ал үн сиздики экенин танат экенсиз да?
-Көп жери монтаждалган. Мисалы, мына ушул менин кабинетимде жазылган аудиодогу ме­нин  үнүмө Аксыда каза болгондордун жесирлерине байланыштуумаселени жабыштырып коюптур.Анын бул жерде кандай тиешеси бар? Эми ошол жерде жесирлер тууралуу маселе чечип жаттык беле? Менимче ушуну менен мени Аксыда каза болгондордун аялдарына жаман көрсөтүү үчүн жасалган. Болбосо сен айткандай, мында чын эле логика жок. Саясат жөнүндө сүйлөшүп жатып эле Аксыда жабыр тарткандарга өтүп кетип жатпайбызбы. Ошол эле жерде Кубан Кадыровдордун, “Бекназаровду кошпойбуз, таштап кетип калабыз” деп сүйлөшүп жаткандарын жабыш­тырып жатышат. Ушуну менен Бекназаровду оппо­зиция дагы кошпойт деген саясат жүргүзүп, жаткандыгы көрүнүп турат. Коомго Бекназаровду каралап жек көрсөтүү үчүн атайылап монтаждалган кара пиарды сунуштап жатышат. Эгер анчалык эле сүйлөшүүлөрдү чыгарабыз десе, ошондогу болгондордун баарысын толук угузушпайбы? Мен ал жерде революция кылабыз дегендерди “ай, токтоткула, болбосо ■ азыр чыгып кеткиле” деп жаткан жерим дагы бар болучу. Ошону дагы чагылдырса, эл арасында мага карата жылуу сезимдер пайда болуп кетпейби,“Бекназаров тыйып аткан т. Мындай чогулуп алып суйлошуу саясат- чылардын арасында боло келген эле керунуш. Ал кылмыш эмес да. Болгону пикирлер айтылып жатат.
Демек сиздерде революция кылуу, учурдагы бийликти алмаштыруу тууралуу максат болгон эмес?..
Революция деген нерсе бул – жаңылануу. Биздеги эки революция үй-бүлөлүү, авторитардык режимге каршы чыкпады беле, ал максатына жетпей келе жатат. Мына бүгүн биз каршы болуп келген ал режим сындыбы? Парламенттик система иштеп жатабы? Тескерисинче, өкмөттүн аткара турган иштеринин бардыгын Президент өзү жүргүзүп жатпайбы. Ошонун баарын көрүп туруп, парламенттеги оппозиция унчукпай олтуруп алса, арга жок биз айтабыз да. Болуптур, эл көчөгө митингдерге чыкпасын десек, анда мыйзамдуу оппозиция иштеши керек да. Биз аларды мыйзамдуу болсун деген максатта Баш мыйзамыбызга жазбадык беле. Куру болбосу үчүн бюджет жана укуктук комитеттерди оппозицияныкы болсун деп бийлик дагы бергенбиз. Кана эми алар? Бүгүнкү күнү алардын иштеп жатканы билинбейт. Мына, парламенттик шайлоону Атамбаев жеке өзүнүн контролу менен өткөрдү. Ар бир партиянын тизмесинен бери карап туруп, кимиси канча акча берсе, ошого жараша өткөрдү дегендей. Анан өзүңөр деле билесиңер- ЖКга жалац олигархтар келип олтурушту. Ал эми бай адамдар өзүнүн кызыкчылыктарынан башканы карабайт экен. Башкасын айтпаганда да акыркы эле өзбектер биздин чек араны басып алганда, Унгар- Тоо аларга кетип жатат деген чечим чыкканда, Өкмөткө бир нерсе деп айтып, маселе көтөрүүгө жарашкан жок. Маселени карагыла деп парламентке жазып, кол коюп берип жатып араң эпке келтирдик. Митинг болот экен дегенде ЖКнын комитети араң карашты. Эми 20-апрелге чейин чечебиз деп атышат. Ушуну уккан соң митингдерибизди токтотуп, аларды карап олтурабыз. Эгер биз тополоңду кааласак ушундай жолго барат белек? Колунда бийлиги бар мыйзамдуу парламенттин иштебегендигинен улам, бүгүн ар кандай оппозициялык күчтөр, баалардын көтөрлүп жаткандыгы тууралу элдин нааразычылыгын айтып чыгып жатабыз. Кызыгы биздин ушул кадамыбызды пайдалангандар “Бекназаров бийлик менен сүйлөшүп алды” деп мени каралоого  өтүштү. Экинчи тарабы болсо, “биз чыгат элек, талкалайт элек” дешип мени сөгүп жатышат.
Андай болсо элдин көйгөйүн жеткирүүнүн революция кылуудан бөлөк, мыйзамдуу жолу барбы?
Курултай өткөрөлү деп жатпайбызбы. Президенттен тартып фракция лидерлерине чейин чакырдык. Мында бийлик эмне үчүн “Кумтөрдү” ала албай жаткандыгы, “Жер үйдүн” чет өлкөлүктөргө сатылганы жатышы, жарык, коммуналдык тейлөө сыяктуулардын бааларынын жогорулашы тууралуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Мындан алты жыл мурун дал ушул маселелерден улам революция болбоду беле. Ал эми Курултай өткөрүүгө Конституцияда жазылгандай жарандардын укугу бар. Биз ошонун негизинде кечеге чыкпай, тополоң кылбай сүйлөшөлү деп жатабыз. Анан ошол Курултайдын чечими менен свет, газ ж.б.лардын баасын түшүрүү үчүн токтомду бийликке берели деген оюбуз бар. Алар ез кезегинде аткарышы керек.
Чынында эле учурдагы бийлик мурдагы бийликтин каталарын кайталап жаткандай. Дегеним, маселени чечүүнүн ордуна актанып оппозицияны бир беткей каралаган маалыматтарды чыгартып, минтип аңдытып, каматып баштады. Атамбаевдин өзү  мындай азаптардын далайын башынан өткөргөндүгүн билебиз. Деги досуңузга кандай кеңеш берет элеңиз?
Туура айтасың, ошон үчүн мен Атамбаев досум экенине карабай сындап келе жатам. Ал мурдагы эле авторитардык жолго түшүп алды. Мурдагылар үй-бүлөсү менен мамлекетти башкарса, Атамбаев шопур, секретарлары ме­нен башкарып жатат. Себеби “жандоочу кийик аттырат” деген кыргыздын жакшы макалы бар эмеспи. 2010-жылдан кийин үзөңгүлөш тарапташтарынан алыстап, мурдагы эле бакиевчилерди жанына топтоп олтуруп, байкабай аңга тушуп кетти. Азыр президентти жандап жүрүшкөн Карашев, Сарпашевдер Бакиев элди атып жатканда анын жанында жүрүшкөн. Негизи, адам мурда кандай болсо, бийликке келгенден кийин өзгөрүп кетпеш керек. Шерали хандын чокою бекеринен төргө илинген эмес. Анын сыңары, Атамбаевди бийликке алып келген революциянын бир максаты ушул эскилерден арылуу болучу. Демек ал максатты ишке ашырыш керек. Эсиңерде барбы, Атамбаев деле 2009-жылы “100 миң киши кетмен- чотунар менен чыккыла” деп эмоцияга алдырып айтпады беле. Ошондо “Форумга” чогулганбыз. Бирок ал айтылган адамдарынын жартысы дагы келбей коюп, четинен камалганбыз. Бакиевдер “Атамбаевди ушинтип эмоцияга алдырып айттың” деп камап салган жок. Анткен менен бүгүнкү бийлик камап жатат. Бул алсыз, күчү жок саясатчынын иши. Мен Атам­баевдин ордунда болсом, “бийликти тартып алабыз, басып алабыз” дегендер­ди чакырып алып, керек болсо теледе талкуу уюштуртуп, “ай, Дастан аке, эмнеге басып алабыз деп жатасыңар, биякта баа­рын эле кызматка дайындап салыптырсыз го” деп уяткармакмын. Ошондой эле мени дагы элге каралагысы келсе, ушул эле жол менен чакырсын. Мына, канча жылдан бери эле мени КТРден көрсөтпөйт, анын ордуна түрү укмуш сүрөтүмдү коюп алышат, мокочо кылып. Ал турсун ЭлТР, НТС каналдары деле мени көрсөтпөйт. Ал түгүл жакын жолотушпайт. “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолоруна” чыгарып койчу деп суранып барсам дагы, алар “сизге эч ким чыкпай жатат” дешет. Бул-тоталитардык режим. Бир кездери Акаев ушуну мойнуна алып, “маалыматтык согуштан утулуп калдык” деген эле. Ошол Акаевди аңга тыккан Осмонакун Ибраимов, Абдил Сегизбаев, Фарид Ниязовдор Атамбаевдин жанында жүрүшөт.
Алтын Булат
Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 + = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: