Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районунун Бостери айылында 2016-жылдын 4-5-апрелинде Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, эл аралык уюмдардын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Комитеттин көчмө жыйыны болот.
Көчмө жыйында “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 7, 15-1 беренелеринин аткарылышы жөнүндө” маселе каралат, анын алкагында окуу китептерин, окуу жана усулдук колдонмолорду бастырып чыгаруу жана алар менен мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайларды камсыз кылуу бөлүгүн жана балдарды мектепке чейинки даярдоо программасын ишке ашырууну кароо пландаштырылууда.
2016-жылдын 4-апрелинде депутаттар Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларынын, ошондой эле Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районунун бир катар жалпы билим берүүчү уюмдарында болуп, балдарды мектепке чейинки даярдоо программасын ишке ашыруу жана жалпы билим берүүчү уюмдарды окуу китептери менен камсыз кылуу менен таанышат.
Жыйналыштын ишинин жыйынтыгы боюнча Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети тарабынан чечим кабыл алынып, анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана тиешелүү мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырмалар берилет.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасындагы Улуттук Демократия Институтун колдоосу менен өткөрүлөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ