Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кызарт, Жумгал айылдарынын талааларында ташталган эшектердин эттери каргалар менен кузгундарга жем болууда. Бул тууралуу айыл тургуну Тынчтык АбышовTurmush басылмасынын аймактык кабарчысына билдирди.
Анын маалыматында айтылгандай, учурда талааларда, жол жээктеринде эшектин эттери чачылып жатат. Айыл тургундары эшектерди сойгондор терисин алып, эттерин талаага таштап жатат, деп божомолдошууда.
«Эшектин эттери тууралуу терең талдоо жүргүзүп, жыйынтык чыгарууну талап кылабыз. Талаада жаткан эшектин терисиз тулкуларын карга, кузгун жеп жатат. Мындай абал ар кандай ооруларды пайда кылат», – дешти тургундар.
Булак: “Турмуш.кж”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ