Кара-Балта метеостанциясынын билдирүүсү боюнча, Чүй облусунун Жайыл районунда 21-апрель күнү саат 03:22дан 03:40ка чейин катуу шамал катталган. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метрге чейин жеткен. Учурда жарандык коргоо комиссиясы тарабынан иликтөө жүргүзүлүп жатат. Алдын ала алынган маалымат боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ