Бүгүн Жалал-Абад шаарынын мэриясында жана муницпалдык мекемелерде иш күнү Чүй областындагы авиакырсыктан курман болгндорду бир мүнөттүк эскерүү менен башталды. Бул тууралуу шаар мэриясынан шаар мэринин биринчи орун басары Турдалы Темирбаев билдирди.
Маалыматта айтылгандай, шаар мэриясында өткөн эмгек жамаатынын жыйынында курман болгондорду бир мүнөттүк эскерүү менен жабыр тарткандарга ар тараптуу жардам көрсөтүү маселелери талкууланды. Эмгек жамаатынын мүчөлөрүнөн бир күндүк эмгек акыны которуу жолу менен жардам көрсөтүү сунушу айтылды. Ал жалпы колдоого алынды.
Ошондой эле муниципалдык мекеме-ишканаларга жабыр тарткандарга колдон келген жардамдарды көрсөтүү сунушу бериле турган болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ