Menu

АКШнын элчилигинин кызматкери Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп алды

Бөлүшүү:

Бул окуя тууралуу маалыматты алгач 22-июнда Фейсбуктун “Кара тизме” тайпасында Нурайым Айткулова аттуу колдонуучу тараткан. Анын маалыматына ылайык, жол кырсыгы 18-июнда Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (Политех) жанында болгон.

“АКШнын элчилигинде иштеген АКШнын жараны сүзүп алган. Ал токтоп да койгон эмес, адамды сүзүп алганы аны кабатырланткан да эмес. Аны жол кырсыгынын күбөсү кууп жеткен”, – деп жазган Айткулов. АКШнын дипөкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы жол кырсыгы өздөрүнүн кызматкеринин катышуусу менен болгонун тастыктаган билдирүү таратты. Бирок элчилик айдоочу адамды сүзүп алгандан кийин окуя болгон жерден кетип калгандыгы тууралуу маалыматты четке кагууда.

Элчиликтин айтканы боюнча, “кызматкер автоунааны жолдун четине токтотуп, окуя болгон жерден милиция кызматкерлерине жардам берген”.

“Элчиликтин өкүлдөрү Кыргызстандын бийлиги менен тыгыз байланышта жабырлануучунун амандыгын камсыздап, маселени чечүү үчүн жаш бала менен байланышышкан”,- деп айтылат дипөкүлчүлүктүн басма сөз кызматынын жообунда.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктан (ЖКККБ) жөө жүргүнчүнү сүзүү фактысын тастыкташты. “Жөө кыядан өтүп бараткан 22 жаштагы жөө жүргүнчүнү 18-июнда “Манас” кинотеатрынын жанынан сүзүп кетишкен. Ал ооруканага кайрылган”,- деген билдирүү таратылды. Бирок кыргызстандык жаранды сүзүп кеткен АКШ элчилигинин кызматкеринин аты-жөнү, ал мас же соо экендиги тууралуу элчилик да, ИИМ органдары да коомчулукка маалымат берген жок.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: