Кыргызстанда мал-жандыктарды идентификациялоо иши жанданат. Бул туралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 28-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Өкмөт башчы маалымдагандай, азыркы кезде идентификациялоо жүргүзүүнүн тартиби боюнча иш чаралардын планы иштелип чыгып, техникалык жабдууларды сатып алуу каралууда. Бүгүнкү күндө Чүй, Талас жана Ош облусундагы жеке менчиктеги ветеринар дарыгерлерди окутуулар өткөрүлүүдө.
Эске салсак, “Мал-жандыктарды идентификациялоо” боюнча мыйзам 2014-жылы кабыл алынган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ