Menu

Ширин Айтматова, ЖКнын экс-депутаты: “Акыркы үмүт – 2020”

Бөлүшүү:

Ширин Айтматова, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жалгыз кызы. Саясатка 2010-жылдары аралашып, анда (2010-2015-ж.ж) “Ата-Мекен” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. Парламенттеги беш жылдык депутаттык ишинде элдин назарында терс сапаттары байкалган эмес. Тескерисинче заманбап ой жүгүртө алгандыгы, ким болсо да бетке айта билген сапаты коомчулуктун эсинде. Ошондой эле 2010-жылда болуп өткөн Түштүктөгү июнь окуясында айрым саясатчыларга салыштырмалуу коркпой, ачык эл аралап, жабыр тарткандарга колдоо көрсөтүп жүргөнү менен таанылган. Учурда улуу жазуучунун кызы социалдык тармактар аркылуу кийинки жылы күтүлүп жаткан Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо парламентке жаңы, таза күчтөрдүн келүүсүн үндөгөн чакырыктарын байма-бай жазып келүүдө.

Деги эле кыргыздын табиятында эр жүрөк, чынчыл, эл мүүдөөсү үчүн таза ниет менен күрөшкөн адамдарды колдоо табигый эреже сыяктуу болуп келбеди беле? Ушул өңүттөн алганда жалпы контингенттин бир топ бөлүгү ушу тапта Ширин Айтматованын пикири менен үндөш болуп жатканында. Ал социалдык тармактардагы өз баракчасына: «2020-жылдагы шайлоодо ачык-айкындуулук үчүн кадимкидей эле күрөшүүгө туура келет. Болбосо Кыргызстандын баарын сатып алган ууру “матраимовдордун” басындысында жашай беребиз. Жаштардын, жаңы, таза күчтөрдүн келишине даярдангыла, бири-бириңерди колдогула, чогуу бололу. “Үмүт 2020″, деп байма-бай жазып келет. Мындай чакырыктарын ал: «Биз дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө эл мүдөөсүнө төп келген кыймылдар түзүлүп жатканын көрүүдөбүз. Бул, адатта жаштар. Украинада,
АКШда мыйзам чыгаруу органына жаштар келди. Биздин жаштар башкалардан артта калгысы келбей жатат. Менин саясатка барайын деген деле ниетим жок болчу. Мен активисттердин көңүлүн Матраимовдун маселесине бургум келди. Бийлик чара көрөт деп күткөм. Бирок андай жок. Ошондуктан биз аракетибизди улантабыз. Парламентте элдин камын ойлогон чыныгы оппозициянын жоктугунан жана да коррупциялык фактыларга депутаттар эч кандай реакция жасабагандыктан, эл камын ойлогон депутаттардын аздыгынан келечегибиз туман тартып баратат. Эгер биз Жогорку Кеңешке таза, жаңы адамдарды алып келе албасак анда ишенип-таянарыбыз жок калат! Эгер кандайдыр бир кыйчалыш жагдай жаралса болор-болбос нерсе менен алектенген депутаттардан жардам болбой, элибиз өзү менен өзү калышын каалабайм!” деп түшүндүрүүдө.

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: