Menu

УИАда “Чүйдүн орто кылымдагы шаарлары: сактап калуу, колдонуу, изилдөө” аталышындагы семинар өттү

Бөлүшүү:

УИАнын Тарых жана маданий мурастар институту Чүй өрөөнүндөгү шаар чалдыбарларын сактап калууга багытталган “Чүйдүн орто кылымдагы шаарлары: сактап калуу, колдонуу, изилдөө” аталышындагы семинарын өткөрдү. Анда байыркы шаарлардын тарыхый мааниси, аларды сактап калуу, тереңден изилдөө, коомчулукка жайылтуу, туристтерди кызыктыруучу обьекти катары өнүктүрүү жолдору талкууланды. Ошондой эле иш-чарада аталган шаар чалдыбарларынын тегерегин тосуу, коруу максатындагы иш-чаралар менен бирге эстеликтерди музейге айлантуу, атайын комплекс, коруктарды уюштуруу, аталган эски шаарлар тууралуу атайын маалыматтык базаны интернетке киргизүү, сайт иштеп чыгуу, туристтер үчүн маалыматтык карта түзүү демилгелери белгилүү болду. Бул туурасында КРУИАнын басма сөз кызматы маалымдады.

Тарых жана маданий мурастар институту уюштурган семинарга УИАнын Тарых жана маданий мурастар институтунун кызматкерлери, Тейко университетинин (Япония, Токио) өкүлдөрү К. Ямаучи, К.Мочизуки, Тажикстан Республикасынын илимдер академиясынын өкүлү Б.Бобомуллаев, ЮНЕСКОнун иши боюнча Кыргызстандын улуттук комиссиясынын өкүлү Н.Аскарова, Бурана археология-архитектуралык музей комплексинин кызматкери Т.Урбаевалар катышты.

Чүй өрөөнүндөгү Ак-Бешим (Суяб), Красная речка (Невакет) шаар чалдыбарларындагы изилдөөлөр УИАнын археологдору жана Тейко университетинин кызматкерлери тарабынан ишке ашырылып келет. Орто кылымдарга таандык тарыхый эстеликтерди 2014-жылы ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү чечими кабыл алынган.

ТММ институтунун археолог-изилдөөчүсү, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бакыт Аманбаева шаар чалдыбарларынын үстүнөн иш алып баруудагы оош-кыйыштар тууралуу төмөндөгүлөрдү айтты.

“Бүгүнкү конференция менен эле иш жыйынтыкталып калбайт (кыргыз-япон илимий-изилдөөчүлүк  долбоорунун келишими 2020-жылга чейин түзүлгөн), максатыбыз коомчулуктун көңүлүн аталган эстеликтерге буруу. Ага карабастан биздин ишибизге ЖОЖдор дагы кошула баштады, эң негизгиси иштөөгө мүмкүнчүлүк алдык. Казуу иштерин жүргүзүп жатабыз, мындан ары эстеликтерди консервациялоого өтөлү деген ойлорубуз бар”

Андан сырткары “биздин өлкөдө Маданият министрлиги, Улуттук илимдер академиясы, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары (айыл өкмөтү, район администрациясы) сыяктуу  структуралардын эстеликтердин археологиясы боюнча иш алып баруучу механизми жок” – деген оюн билдирди окумуштуу.

Ал эми Тейко университетинин кызматкери, япон археологу К. Ямаучи УИА менен болгон кызматташтыкты, туризмди өнүктүрүү үчүн аталган эстеликтердин мааниси чоң экендигин баса белгилеп кетти.

“Кыргызстан Улуу жибек жолунун борборунда жайгашкан өлкөлөрдүн бири. 2011-жылдан бери Кыргызстанда изилдөө иштерин жүргүзүп келем. Бүгүнкү иш-чаранын тарыхый, археологиялык билимди тереңдетүүгө, туризмди өнүктүрүүгө жардамы тиет деген ойдомун” – деди.

“2014 –жылы Чүй облусундагы үч шаар чалдыбары ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Аныдктан мамлекет эл аралык нормаларга ылайык аталган эстеликтерди коргоо боюнча жоопкерчиликти өзүнө алышы керек деп эсептейм” – деди ЮНЕСКОнун иши боюнча Кыргызстандын улуттук комиссиясынын өкүлү Н.Аскарова.

Тарых жана маданий мурастар институтунун кызматкери В.Кольченко окуган докладында мамлекеттик маанидеги эстеликтерди фиксациялоодо маселелер бар экендигин белгиледи. Анын айтымында учурда өлкө боюнча 67 эстелик бар (алардын 53ү археологиялык эстеликтер, 20сы шаар чалдыбарлары).

“П.Кожемяконун изилдөөлөрү боюнча 1959-жылы 62 шаар чалдыбары бар деп көрсөтүлгөн болсо, кийинкилеринде андан дагы арбын. Айрым эстеликтердин аталыштары туура эмес жазылгандыктан, аларды локализациялоо ишине тоскоолдук жаралган учурлар болууда” – деди изилдөөчү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: