Бүгүн, 22-апрелге карата өлкөдө коронавирус илдетин жуктурган бейтаптардын саны 612 адамга жетти. Алардын ичинен бир жашка чейинки 4 ымыркай бар. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүк брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Таажывирус илдети менен жабыркагандардын жаш курагы:
– 0 жаштан 15 жашка чейин – 62 адам (анын ичинде 1 жашка чейинки 4 ымыркай бар);
– 16 жаштан 19 жашка чейин – 16 адам;
– 20 жаштан 35 жашка чейин – 166 адам;
– 36 жаштан 55 жашка чейин – 228 адам;
– 56 жаштан өйдө – 140 адам.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ