Баш прокурор Индира Жолдубаеванын кызматтан кетүү боюнча маселеси мындан бир ай мурун эле катуу талкууга алынган болчу. Чынында эле, Индира айым иштен кетүү боюнча Президенте арыз жазыптыр. Кызматтан кетүүнүн бир катар жүйөлүү себептери бар. Алардын айрымдары айтылып жатса, эң негизгилери ачыкка чыга элек. Баш прокурордун арызына Атамбаев азырынча кол коё элек. Бирок, жакынкы күндөрү бул маселе боюнча тиешелүү буйрук чыгып калышы толук мүмкүн. Эгер Жолдубаева кетсе, анын ордуна Бишкек шаарынын прокурору, 2014-жылдан бери иштеп жаткан Нурлан Сулайманов келери тар чөйрөдө кеп боло баштады. Экинчи талапкер катары Ош облусунун прокурору Айбек Турганбаевдин да ысымы айтылууда. Кыскасы, Жолдубаева отставканы көздөй жол алса, ушул эки талапкердин бири келет. Көбүрөөк тараза ташы Сулаймановго ооп турат десек болчудай.
Булак: “Багыт kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ