Ушу тапта милиция органдарында жарандардын 39872 ок атуучу куралы каттоодо турат. Андан тышкары, 2010-жылдагы окуя учурунда жоголгон 633 куралдын изи табыла элек. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Жогорку Кеӊеште “Курал” жөнүндө КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу” мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.
Сыйакы өлчөмү өтө эле төмөн экенин белгилеген депутат Акылбек Жапаров аны кескин көбөйтүү зарылдыгын айтты. «Жоголгон куралдарды ушунча жылдардан бери таба элек экен. Жогоруда айтылган акчага эч ким куралды өткөрүп бербейт, ошондуктан ок атуучу куралдардын баасын так аныктоо керек. 1 миӊ доллардан кем болбоого тийиш, ошондо гана 2010-жылы жоголгон куралдар табылышы мүмкүн», – деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ