“Ата Мекен” фракциясынын “атасы” Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевге кат жолдогону маалым болду. Ал катта Атамбаевди бүгүнкү күндө Нарын шаардык сотунда иштеп жаткан Ж.Эрматовду Нарын облусунун район аралык сотунун судьясы кызматына дайындоодон баш тартууга чакырган. Белгилүү болгондой, Эрматов криминал дүйнөсүнүн лидери Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотуп жиберген. Бирок, Эрматов жөн гана аткаруучу болгон. Батукаевди бошотуу маселеси ошол кездеги укук коргоо органдарынын бир катар жетекчилерине барып такалат. Текебаев эмне үчүн аларды айтпай, аткаруучуну гана айтты? Ошол аткаминерлер дагы ачык айтылышы керек.
Булак: “Багыт kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ