УКМКнын жер төлөөсүндө жазасын өтөп жаткан экс-министр Бекболот Талгарбековдун ушул күндөрү духу бийик, өткөн-кеткен кемчиликтерин таразалап, баарын сыдыргыдан өткөрүүдө. Кызыгы, өңчөй фактыларга таянып, интервью жазганды адат кылып алган Бекболот мырза ушул күндөрү тергөөчүлөргө берген сурагы бүтөөр замат кагазга түшүрүлгөн окуяны кайра бир сыйра үтүр-чекитине дейре тыкыр текшерип, баардыгын фактылар менен тизмектеп жатканын жакындары билдиришти. Абак артынан да айбатынан жазбай, көгөрүп отурганына караганда бир билгени барбы? Жөн эле кыйнай бербей, үй камагына чыгарып деле сурак жүргүзсө болбойт беле? Бу жалганда «түрмөгө жылаан жатпасын» дейт.
Булак: “Азия news”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ