2017-жылдын 24-октябрында саат 11.00дө Кыргыз Республикасынын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын Сауд Аравиянын Маданият жана изилдөө борборунда Сауд Аравиялык сүрөтчү айым Сауда Бальхадардын көргөзмөсүнүн ачылышы болот.
Көргөзмөнү Сауд Аравия падышалыгынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Сауд Аравиянын Маданият жана маалымат министрлигинин ортосунда кол коюлган Маданият жана искусство тармагында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө макулдашуунун алкагында уюштурушкан.
Сауда Бальхадар айым өз ишинин белгилүү жана таанылган чебери, анын эмгектери Сауд Аравияда эле эмес, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө – Германияда, Канадада, Бразилияда, Кувейтте, Эмираттарда, Египтетте көргөзмөлөргө коюлган. Сауда Бальхадар көркөм сүрөт жагында бакалаврдын даражасын алган жана өз мекенинде бир топ мектептерде сүрөт сабагын берет, ошондой эле баларга сүрөт тартууну үйрөтүүчү салону бар жана СА сүрөтчүлөр үйүнүн мүчөсү.
Көргөзмө КР Улуттук китепканасынын Сауд Аравиянын Маданият жана изилдөө борборунда 24-26-октябрда – 3 күн болот. Сауд Аравиянын Маданият жана изилдөө борборунун ишинин негизги максаты – Кыргызстандын коомчулугун Сауд Аравиянын ар кыл чөйрөлөрдөгү жетишкендиктери, анын руханий мурастары, бай илимий жана маданий потенциалы менен тааныштырууну көздөйт.
Көргөзмөнүн ачылышына КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин кызматкерлери, дипломатиялык ведомстволордун, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, жождордун окутуучулары жана студенттери, ошондой эле кеңири коомчулук катышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ