2017-жылдын 23-октябрында саат 10:50дө (Бишкек убактысы боюнча) Россия Федерациясынын Саратов облусунда Р-236 «Энгельс-Ершов-Озинки» трассасынын 103-чакырымында “Хонда-Степвагон” үлгүсүндөгү мамлекеттик №04КG388ААВ унаа жол кырсыгына кабылган. Бул туралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдады.
Жол кырсыктын кесепетинен 5 жүргүнчү (Кыргыз Республикасынын жарандары 2 аял, 3 эркек) жабыркап, Федоров райондук ооруканасына жеткирилген. Айдоочу жабыркаган эмес.
Жабыркагандардын аты-жөнү такталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ