Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнө Көк-Ой айылынын жашоочусу С.Б. арыз менен кайрылган. Бул туралуу Нарын ОИИБнин Басма Сөз кызматы маалымдады.
Себеби, 2017-жылдын 17-октябрь күнү болжол менен саат 18:00 чамасында Көк-Ой айылынын Кыргызбай-Булуш аймагында бир баш букасын жоготуп алгандыгын билдирген.
Бул факты боюнча милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам- иликтөө иштери жүргүзүлүп, натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү катары Жумгал районунун Көк-Ой айылынын 54 жаштагы Б.Б. аттуу тургуну кармалып, тергөө учурунда күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси менен (мал уурдоо) кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексинин 94-беренесинин негизинде камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ