Алмазбек Атамбаев “Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 21-сентябрында кабыл алынган.
7-беренеге киргизилген толуктоолор этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтуучу өндүрүмдү жасап чыгаруу өндүрүшүнө коюлуучу квалификациялык талаптар (критерийлер) этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтуучу өндүрүмдү жасап чыгаруунун жана жүгүртүүнүн көлөмүн өлчөөнү бирдиктүү мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системага берүүнүн техникалык каражаттары менен жүргүзүүгө укуктук негиздерди түзөт.
Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтуучу өндүрүмдү жасап чыгаруунун жана жүгүртүүнүн көлөмүн өлчөөнүн жана эсепке алуунун автоматтык каражаттарына карата талаптар жана бирдиктүү мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системанын иштөөсүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ