Бишкекте, бүгүн, 7-июнда, Кыргыз-казак өкмөт аралык кеңешинин алтынчы жыйыны өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Жыйын алкагында Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жана Казакстандын премьер-министри Карим Масимов тар жана кеңири курамдагы жолугушуу өткөрөт.
Жыйын соңунда бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат, эки өлкөнүн өкмөт башчылары жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн биргелешкен билдирүү менен чыгат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ