Menu

Мэр болуп иштеген мезгилде оң тараптары басымдуу болду

Бөлүшүү:

Айтмамат Тентибаевич жетекчи катары Ош облусунун губернаторунун биринчи орун басары болуп иштеп турганда такшалды десем болот. Нура айылындагы каргашалуу окуянын кесепеттерин жоюу боюнча штабды жетектеди. Күнү-түнү Нурада жүрдү. Каза болгон маркумдарды жерге коюу зыйнатын өткөрүү жоопкерчилигин моюнуна алды.

Каза болгон 72 нуралыктарды жууп, ак кепиндөөнү өз колу менен аткарды. Келген гумжардамдар ирети менен мыйзамдуу бөлүштүрүлгөндүктөн эл арасында нааразычылык болгон эмес. (Канча гумжардамдардын арты менен кылмыш иштери ачылган окуяларга күбө болуп жүрөбүз) Өтө так, чарбагер жетекчи. Ашкере талапчыл. Экономикалык билими сабатында кеп жок. Цифраны так мээсинде сактайт. Убадага бек. «Ана-мына» деп ишти кечеңдеткен жетекчини жек көрөт. Анткен менен айкөлдүгү дагы бар. Ага жакында эле эс алууга чыккан Курманбай Ташыбаевдин мисалынан көрсөк болот. — ​Дегинкиси ашкере өжөр. Мага жаккан сапаты да, иштеги изги ийгилигинин уңгусу да анын өжөрдүгү менен байланыштуу. “Духу жетпейт”- деген иштерди кыска мезгилде уюштуруучулугу менен жүзөгө ашырып келгендигин коомчулук жакшы билет. Бир көргөн адам каардуу деп ойлошу мүмкүн. Ишке болгон тактыгы, көзөмөлдүгү ушундай таасир калтырат. Дегинкиси ЖЕТЕКЧИМИН дегендерде дал ушул сапаттар болсо ийгилик жаратаарында шек жок. Мен билген кемчилдиги бул ийкемдүү эмес. Мыйзам жол бербейби. “Жок болбойт”- деп кесе чечет (албетте бул жетекчиге керек сапат). Анткен менен кээде коомчулукка колунан келсе келбесе да “болот, бүтөт” деп жагалданган жетекчи жагат экен. “Калптын казаны кайнабайт”- деген макалды карманат. Калп айтпайт. Кээде калптан болсо да “ооба, сеники туура “-деп койбойт. Азыр дал ушундай тили “ширин” жетекчилер көпчүлүккө жана жогорку бийлик бутагындагыларга жагаары айдан ачык. Эң чоң минусу бул «Акча төлөп, пиар жасатпайм”- дегени. Төрт жыл ичинде гонорар берип, же реклама пиар үчүн акы төлөп журналисттер менен иштешпеди. «Мен реклама үчүн же Кожо көрсүн үчүн иштебейм. Эгер жасалып жаткан иштерди коомчулукка жеткирүү милдетин алышкан болсо, айтууга арзыса чагылдырышсын. Бюджеттин акчасын өзүмдү рекламалоо үчүн коротпойм»- дегенинен эч кайтпады.

Бул кежирдиги маалымат кызматынын ишине терс кедергисин тийгизсе да мага мэрдин дал ушул «минусу» жакчу. Айтканынан кайтпаган көктүгү менен көп иштерди жасаганга үлгүрдү. Командасы менен чоң-чоң долбоорлорду жүзөгө ашыруудан сестенчү эмес. Саясаттан алыс, чарбага жакын жетекчинин бул ийгиликтүү кадамдары айрымдардын түн «уйкусун» бузуп, жасалма сындар «жайнап» турду. Маалымат катчы катары бир нече жолу сурандым. Кара пиарлар көбөйүп жатат. Биз да оппоненттерибизге кара пиар жасайлы, саясатта бул болуп келген боло берет -деп. Бактыга жараша аны да жасабады. Бизге да жасатпады. (Мага бул сапаты да жагып, өзгөчө сыйлап, урматтап калдым). Көпчүлүк жетекчилер мажбурлап жасатып, көрсөтөр иши болбосо да соцтүйүндөрдө “жылдызга” айланып жатканын байкасак ичибиз ачышаар эле. Жок Айтмамат Тентибаевич андай кара иштерге колун да жүрөгүн да булгабады. Дал ушул минусу менен айрым учурда кара пиарларга утулуп калып жаттык. Билем Айтмамат Кадырбаевдин “минустары” көпчүлүк жетекчилерде жок плюстар экенин. Ылайым эле дал ушул Оштун мэриндей жетекчилер көбөйсө экен. Айтмамат Тентибаевичтин дал ушул плюс, минустары борбордогу жетекчилерге жуксун деген изги тилектерим бар. Дегинкиси мен Айтмамат Тентибаевич менен ырыскылаш, насиптеш, кесиптеш болуп калганыма сыймыктанам. Мэр менен маңдай-тескей иштешкен кыска убакта жашоомо керектүү чон сабак алдым. Саясатты «сасык» дешет көпчүлүк. А бирок ошол «жыттуу» талаадагы таймаштарда да «бийик адамгерчилик деген негизги сыпатты жоготпосо болот»-деген аныктама жан дүйнөмдө жашап калды. Мэрдин ишмердүүлүгүндө маалымат катчы, кеңешчи катары аз болсо да жакшы бир иштерге себепчи болгон болсом, мен ошого кубанам, каниет алам.

Гүлжамал Жороева

Булак: “Ачык сөз” 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: