“Президентибиз быйылкы, 2017-жылды Маданият, адеп жана ыйман” жылы деп жарыялап жатса Билим берүү министрлиги кыргыз адабиятын мектептерде окутуу саатын кыскартып жатыптыр. Бул эмне деген уятсыздык! Эгер адабиятты окутууну кыскартсаңар биздин балдар эмнеден таалим алып, маданияттуу болушат?” – деп күпүлдөдү бүгүн, 9-январда КСДПчы депутат Рыскелди Момбеков парламенттин Билим, илим жана маданият комитетинде КР Билим берүү министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаевага атырылып.
“Биз кыргыз адабиятын мектептерде окутуу саатарын кыскарткан жокпуз”, – деп жооп узатты Ашымбаева.
“Анда айтыңызчы, биздин президенттин канча китеби чыккан? Биздин спикер канча китеп жазган?”, – деп такалап кирди. Бирок, Токтобүбү Ашымбаева жооп бербей койгондон кийин, – Эмне унчукпай калдыңар? Демек билбейсиңер, бул сиздин билимдин деңгээлин көрсөтүп турат”, – деп бир каарып алды Рыскелди Момбеков.
Булак: kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ