Дагы үч партия алдыдагы парламенттик шайлоого катышуудан баш тартышты. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта БШКнын маалымат бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, “Адам-Демократ”, “Бүткүл Жаштар саясий партиясы” жана “Таза коом” саясий партиялары шайлоого катышуудан баш тартканы жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө билдиришти.
Саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо токтотулду, алардын каттоо документтери жараксыз деп табылды.
24-августта саат 18.00гө чейин, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн БШКга документтерди тапшырышы керек. Ошол эле учурда, талапкерлердин тизмеси жана алар жөнүндө маалыматтар БШК бекиткен формага ылайык кагаз жана электрондук варианттарда берилет.
10 күндүн ичинде берилген маалыматтар текшерилет жана 4-сентябрга чейин депутаттыкка талапкерлердин тизмеси катталат.
Үгүт иштери 4-сентябрда башталат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ