2010-жылдагы Ош коогалаңы боюнча айыпталып, өмүр бою абакка кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши Жогорку сотто каралат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай Жогорку Сот жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра кароо тууралуу Азимжан Аскаровдун жана анын адвокатынын арызынын негизинде 11-июлда ага карата жазык ишти карайт.
Эске сала кетсек, буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитети Азимжан Аскаровду абактан бошотууга жана ага тагылган айыптарды жокко чыгарууга Кыргызстанды чакырган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ