Menu

ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев унаасынын тонировкасын айрып салды

Бөлүшүү:

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев автоунаасынын терезесин караңгылаткан чыптаманы алып салды. Бул тууралуу министрликтин башкы штабынын жетекчиси Бактыгул Абдыжалиев бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында ал дагы унаасынын тонировкасын алган.

Эске салсак, кыргызстандык айдоочуларга машиненин алдыңкы каптал айнектерин караңгылатып жүрүүгө 18-июлдан тарта расмий түрдө тыюу салынды. Бул боюнча өкмөттүн токтому 30-июнда чыккан.

Эрежеге баш ийбегендерге 2000 сом айыппул салуу жана башка чара көрүү ыкмалары каралган. Токтомго ылайык, президенттин, өкмөт башчынын, парламент спикеринин жана Жогорку сот төрагасынын кызматтык автоунааларынын, аларды кайтарып жүргөн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлдөрүнүн машинелеринин айнектерин караңгылатууга уруксат бар. Андан тышкары акча жана баалуу буюмдарды ташыган “Кыргыз инкассациясы” уюмунун унааларына, соттолгондорду жана камакка алынгандарды алып жүргөн машинелерге айнек караңгылатууга тыюу салынбайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 + = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: