Мен силердин мыйзамыңардан эмес, Кудайдын мыйзамынан корком. Мындай пикирин коомдук жана саясий ишмер Азимбек Бекназаров бүгүн, “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде Үркүндө каза болгондордун сөөгүн койдурбай койгон бийлик өкүлдөрүнө нааразычылык билдирип жатып айтты.
“Сөөктүн жоопкерчилигин мен алганмын. Аны силердин экспертизага берсем, эртең эле “бул сөккө 25 эле жыл болуптур” деп, саясий оюнга айлантып жибересиңер. Ошондуктан аны силерге бербейм. Биз комиссия мүчөлөрү аны Жети-Өгүзгө кайра алпарып, жерге жашыралы деп чечтик. Бир сөөккө жер бербеген бийликтин бул кылыгы уят иш. Мен силердин мыйзамыңардан эмес, Кудайдын мыйзамынан корком”, – деди Бекназаров.
Эске салсак, Үркүндү иликтөө боюнча көз карандысыз коомдук комиссиянын мүчөлөрү, бүгүн, 11-августта “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде 1916-жылдагы кандуу окуяларда кыргынга учурагандардын сөөгүн коюшмак. Бирок, буга бийлик уруксат бербей койду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ