Вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева 11-августта Афганистандагы Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жөнөтүүнү уюштуруу маселесине арналган жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругуна ылайык, Памирде жашаган этникалык кыргыздарга оор турмуштук кырдаалга жараша гуманитардык жардам – азык-түлүк жана медициналык каражаттар түрүндө көрсөтүлөт.
Өкмөткө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы билдиргендей, чек арадагы Пяндж дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлгөнүнө байланыштуу азыркы кезде дарыя аркылуу автоунаа транспорту өтө албайт жана жүк жеткирүү мүмкүнчүлүгү жок. Суунун деңгээли үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында төмөндөйт. Мындан улам Памирге болгон экспедиция үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынын аягында болору пландалууда.
Экспедициянын курамына 22 адам, анын ичинде медициналык кызматкерлер кирди. Алар Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарды медициналык кароодон өткөрөт.
Гуманитардык жардамды уюштуруу үчүн өкмөт тарабынан 10 млн сом каражат бөлүндү.
Азыркы учурда Афганистандагы Улуу жана Кичи Памирде 1500гө жакын этникалык кыргыздар жашайт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ