Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев кыргызстандыктардын курман болушуна алып келген кайгылуу окуяларга байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралу Акордонун басма сөз кызматы билдирет.
«Кыргыз жарандарынын курман болушуна алып келген Москва шаарындагы басмаканадан чыккан өрт жана Бишкек-Ош автожолундагы кырсык тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Бир тууган кыргыз элинин аза кайгысын тең бөлүшүү менен Казакстан элинин жана өзүмдүн атымдан курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтам”,- деп айтылат Казакстандын Президентинин телеграммасында.
Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев ошондой эле жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ