Menu

Сооронбай Жээнбеков КР жергиликтүү сотунун судьясы Айнура Сулайманованы ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө Жарлыкка кол койду

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-январда, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын Ош шаардык сотунда судьялык ыйгарым укуктарын аткарып жаткан жергиликтүү соттун судьясы Айнура Сулаймановага карата ээлеген кызмат ордунан бошотуу түрүндө тартип жазасын колдонуу тууралуу берген сунушунун негизинде аны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы Ош шаардык сотунун судьясы Айнура Сулаймановага карата ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү тартиптик жаза колдонуу жөнүндөгү сунуштамасы менен Президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышкан.

Тартиптик жаза колдонуу өндүрүшүн козгоого Ош облусунун прокуратурасынын тартиптик чара колдонуу тууралуу сунушу негиз болуп, анда судья Айнура Сулайманова баңги затка байланышкан өзгөчө оор кылмыш менен айыпталган адамдын кылмыш ишин кароосунда, иштин жагдайларын толук изилдебей туруп, ага карата иштин материалдарында тиешелүү соттук экспертизасынын корутундусу жоктугуна карабастан, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө токтом чыгарганы негиз болгон.

Жыйынтыгында жогору турган сот инстанциясы чыгарылган соттук актыны жокко чыгарды.

Ишти кайрадан кароонун натыйжасында соттун өкүмү менен айыпталуучу күнөөлүү деп табылып, 1100 эсеп көрсөткүчү өлчөмдөгү айыпка кириптер кылуу менен 10 жылга эркиндигинен ажыратуу жазасы берилген. Бүгүнкү күндө аталган өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген.

Прокуратура органынын сунушун кароонун жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы судья Айнура Сулаймановага карата судьялык кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү тартиптик чарасын колдонуу чечимин чыгарган.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: