Өкмөттүк авиация эл жыш жайгашкан кварталдарга хлорин кошулмасы бар бомба таштады. Бул тууралуу Алепподо жүргөн сириялык активисттер жана куткаруу кызматынын жумушчулары кабарлашты.
Ондогон тургундар жаракат алды. Согушуп жаткан тараптар хлорин жана башка уулуу заттарды колдонору буга чейин эле айтылып келген. Бирок жаңжалдашкан жактар айыптоолорду четке кагып келишет.
Өткөн айда Алепподо кеминде эле эки сапар хлорин колдонулгандыгы туурасында маалымат келген. Башар Асад режими ууландыруучу газ оппозицияга таандык экенин белгилеген.
Алепподогу бомбалоонун кесепеттери жөнүндөгү медициналык баяндама журналисттер арасында кыска билдирүү катары жайылтылды. Дарыгерлер 70тен ашуун жабырлануучунун дем алуу органдарына жана кургак жөтөлдөрүнө карата жардам берүүдө. Жарат алгандардын арасында балдар жана аялдар дагы бар. Күбөлөрдүн айтымында, жабыралуучулардын кийимдери хлорин жыттанууда. 10 адамдын, аларын ичинен кош бойлуу аялдын абалы өтө оор.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ