Menu

Бишкектеги башалмандыктан кийин митингчилер Ак үйдү басып алганда айрымдары курал көтөрүп кирүүгө аракет кылышкан

Бөлүшүү:

Бишкекте 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү башаламандыктан кийин Кемин аймагынан келген жаштардын тобу бир нече күн бою Ак үйдөгү курал-жарак сакталган жайларды кайтарып турушту.

Тургундар журналисттерге билдиришкендей, элдик кошуун уюштурулуп, алар 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү болгон окуялардан кийин парламент имаратын кайтарууга катышкан. Ак үйгө киргендердин айрымдары бөлмөгө курал көтөрүп кирүүгө аракет кылышкан, жада калса эшикти жарым-жартылай талкалап киришкен.

Бул маалыматты Кемин шаардык кеңешинин төрагасы Кубат Мамыров тастыктады. Ал элдик кошуун тобун башкарган.

“Чындыгында, биз жерине келдик. Имаратта башаламандык уюштурбоону, эч нерсеге тийбөөнү сурандык. Ошол түнү Ак үйгө киргендердин баарына кайрылдык. Бирок мындай башаламандыкта эч ким эч кимди уккусу келген жок. Ошол маалда белгисиз бирөөлөр эшикти талкалоого аракет кылганын көрдүк. Биз аны алдын алдык. Кийинчерээк бул курал сакталган бөлмө экени белгилүү болду. Жаштар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, алар артка чегиништи. Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү келгенден кийин гана биз баарын өткөрүп бердик. Ушул күндөрү 50 миң доллар сунуштагандар болду, алар жигиттерди алып кетүүнү, курал-жарактарды алууга мүмкүнчүлүк берүүнү сурашты”, – дейт Мамыров.

Ошондой эле айрым саясий партиялардын тарапкерлери жана өкүлдөрү тарабынан коркутуулар, үркүтүүлөр болду.

“Алар башаламандыкты жана кырдаалды пайдаланууну каалашты, бирок биз эч кимди киргизбей койдук. Ак үйгө киргендердин арасында мас абалда болгондор дагы бар. Элестетип көрсөңүз, эгер алар курал-жаракты ээлеп алышса эмне болмок?! ”, – дейт шаардык кеңештин төрагасы.

Мамыровдун айтымында, Ак үйдү республиканын ар кайсы аймактарынан келген 130 адам кайтарган. Алардын арасында Кемин районунун тургундары дагы болгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: