АКШ президенттигине талапкер Хиллари Клинтон атаандашы Дональд Трамп Кремль менен тиешеси бар бардык байланыштарын ачыкка чыгаруусу керек деп эсептейт.
Американын атайын кызматтары АКШдагы шайлоого Москва кийлигишүүдө деген билдирүү тараткан. Клинтондун пикиринде, буга кандайдыр бир деңгээлде Трамптын тиешеси бар болушу ыктымал.
Хиллари Клинтон 31-октябрда Огайодо сөз сүйлөп жатып, Орусия президенти Владимир Путин Трамптын шайлануусу үчүн аракет көрөрүн билдирген. Ал Кремль Трамптын жардамы менен АКШга каршы кибер чабуул жасаган деп божомолдоодо.
Дональд Трамп Хиллари Клинтондун кинелерин четке кагып келет.
Москва дагы АКШнын шайлоо кампаниясына тиешеси жок экенин билдирип, Клинтонду антиорусиялык “долулукту” козутууга айыптоодо.
АКШда президенттик шайлоо 8-ноябрда өтөт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ