Кечээ, 17-сентябрда Бишкекке КМШнын саммитине келген Россиянын президенти Владимир Путин Алмаз Атамбаевдин туулган күнү жана 60 жылдык юбилейи менен куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы достукту жана кызматташтыкты бекемдегени үчүн Россиянын Александр Невский ордени менен сыйлады.
2014-жылы 30-августта Владимир Путин Белорусиянын президенти Александр Лукашенкону туулган күнү жана 60 жылдык юбилейи менен куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы достукту жана кызматташтыкты бекемдегени үчүн Россиянын Александр Невский ордени менен сыйлаган.
2015-жылы 9-июлда Владимир Путин Казахстандын президенти Нурсултан Назарбаевди туулган күнү жана 75 жылдык юбилейи менен куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы достукту жана кызматташтыкты бекемдегени үчүн Россиянын Александр Невский ордени менен сыйлаган
Россиянын Александр Невский ордени чет элдик жарандардан ушул 3 кишиге туулган күнүнө жана юбилейине белек катары берилип, КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин туулган күнүнө берилчү орденге айланыптыр.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ