Текебаевдин “Эй Атамбаев, эркек болсоң мародерду тап” деген сөзүнөн кийин Атамбаевди коргоого алган Кожобек Рыспаев “Улуу президентти жекеме-жекеге чык дедиң” деп чыккан эмес беле. Бул кишинин кошоматчы экенин азыр баары айтып жүрүшөт. Депутат болуп келгиче Ош базарда соода кылганы да белгилүү. Кечээ Зарылбек Рысалиев бу кишиге “дүжүр” деп таамай баа бериптир. Генералдын айтканы боюнча мародерлук илгери эле ачылмак экен, эгер Кожобек Рыспаев “атамекенчилерге” ооп кетпегенде. “Кожобек өмүр бою Ош базарда манты менен пиво саткан пенде да, деңгээли ошол “соодагерчилик” боюнча калыптыр” деп Рысалиев “диагнозду” так коюп салыптыр. Кечээ болсоң Кожокең менен Текебаев жетелешип, чогуу кофе ичишип жүрөт. Өмүке болсо “Мен улуу адам менен баратам” деп Кожобекти көрсөтүп, аны келекелегенин берки түшүнмөк беле.
Булак: “Жаңы ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ