Талас облусунун Манас районудагы Покровка айыл аймагында 2016-жылдын 6-октябрь күнү айылынын түндүк-батыш тарабындагы Талас дарыясынын нугу, Садовая ички чарба жолунун 50 метр аралыгына жууп кеттүү коркунучун жараткан. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Дарыянын нугу турак жайлардан 100 метр аралыкта жайгашкандыктан, турак жайларга коркунуч келтирген эмес.
Киров суу-сактагычынан суунун деңгээлин чыгуусун азайтуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, суунун агышы секундасына 95,6м. кубдан 75м.кубга чейин азайтылды. Жээкти бекемдөө боюнча жергиликтүү билик менен КР ӨКМнин Талас облустук башкармалыгы суйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ