Menu

Жалал-Абад: мэрия тележурналисттер менен топ тепти

Бөлүшүү:

 Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жигиттерден турган мини-футбол командасы менен шаардагы телекомпаниялардын журналисттеринин курама командасы жана мэриянын волейбол боюнча кыздар командасы менен тележурналисттердин курама командасы өз ара мелдешип, журналисттер чиновниктерди утуп алышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Шаар мэриясы Кыргыз Республикасынын телевидение күнүнө карата атайын чиновниктер менен тележурналисттердин ортосунда спорттун эки түрү боюнча жолдоштук беттешүү уюштурду. Ал эми тележурналисттердин курама командаларын Жалал-Абад мамлекеттик телерадиокомпаниясы (ЖМТРК) уюштуруп, ага ЖМТРКнын, “Канал D” (7-канал) телеканалынын, КТРКнын журналисттери киришкен.

Жолдоштук беттешүү учурунда тележурналисттер шаардык чиновник кыздарды волейболдон 2:0 эсебинде, ал эми мини-футболдон тележурналисттер шаардык чиновник жигиттерди 9:2 эсебинде утуп алышты. Мелдештердин соңунда шаардын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаев жеңүүчүлөргө 5 миң сомдон, жеңилүү ызасын тарткандарга 3 миң сомдон акчалай сыйлыктарды тапшырды.

-Мындай шаар мэриясынын командалары менен журналисттер командаларынын ортосундагы спорттук мелдеш биринчи жолу уюштурулду. Жеңгендер да, жеңилгендер да ыраазы, анткени иштен тышкары да спорт аянтында бетешип, өз ара алакаларды чыңдап жатышканы эки тарапка да жакты. Буюрса, мындай мелдештерди 2018-жылы көбүрөөк уюштуралы деген оюбуз бар, – дейт Т. Темирбаев.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: