Кыпчактардын дүйнөлүк экинчи курултайы деп аталган жыйын Баткен шаарында 20-22-октябрда өтөт. Курултайга өлкө ичинде, Өзбекстанда, Казакстанда Тажикстанда жана башка өлкөлөрдө жашаган кыпчактардын өкүлдөрүнөн 100дөй адам катышат. Булардан сырткары Орусияда, Египетте, Молдавияда жана Венгрияда жашаган кыпчактардын өкүлдөрү келиши күтүлүүдө. Бирок мындай аракет кыргыз мамлекетин бөлүп-жарууга алып барат деп тынчсыздангандар көп. Себеби эртең калмактар, кийин дунгандар курултай өткөрүп өз билгендерин жасай беришсе, элдин ортосундагы ынтымак ыдырап мамлекеттин бүтүндүгүнө жарака кетет. Андыктан бөлүнүп-жарылууга себеп болчу көрүнүштөр тамыр жая электе тыюу салыныш керек. Негизи баары ушундай «кой терисин» жамынгай иштерден башталат. Буга окшогон «иттин өлүгү катылган» жагдайларга мамлекеттик тиешелүү органдар бөгөт коюуга тийиш.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ