Menu

Мотуев моджахеддердин, Чотонов “Общактын” ичинде абройлуу

Бөлүшүү:

Өткөн бийликтин тушунда саясий өңүт менен камалган саясатчылар арбын эле болду. Азыр Текебаев, Чотонов, Талгарбеков, Асанов, Кадыров, Исаев, Мотуев, Жапаров, Карыбеков жана башкалар ошол жакта жатышат. Келдибеков, Түлеев, Ташиев, Мамытов жана башкалар акталып чыккандар. Саясатчылар “каралардын” мыйзамы өкүм сүргөн жерге барганда кыйын абалга туш болорун угуп эле жүрбөйбүзбү. Бийлик да атаандаштарын сындыруу үчүн ошол кадамга барышат да. Садыр Жапаровго болгон түрмөдөгү кол салуу муну тастыктаган. Азыр түрмөдө олтургандардын тагдыры көпчүлүктү кызыктырып турган кез. Кылмышкерлер дүйнөсү менен күрөшөм, тазалайм деген Текебаев өзү жалгыз бир камерада олтурганы белгилүү. Аны менен кошо барган Дүйшөн Чотоновду биринчи күнү эле “общак” жакшы тосуп алып, ал азыр тигил жактагылар менен кенен аралашып жүрүптүр. Бекболот Талгарбеков “кызыл” деп саналып, өзүнчө экен. Бектур Асанов менен Кубан Кадыров барганда эле туура эмес барып алышыптыр. Нурлан Мотуев болсо ал жакта дагы моджахеддер менен чогуу болуп, алардын лидери болуп алыптыр.

Булак: Жаны Ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 + = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: