Чүй облусунун Сокулук районундагы Күн-Туу айылында кечээ, 18-май күнү саат 23:30 чамасында ылдамдыгы болжол менен секундасына 16 метрге жеткен шамал катталган.
Шамалдын кесепетинен 2015-жылдан бери иштебеген, авариялык абалдагы орто мектептин чатыры учуп кеткен.
Кырсык катталган жерге КР ӨКМнин Сокулук райондук бөлүм башчысы жана Жарандык коргону комиссиясы чыгып кеткен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ