“Ыйман, адеп жана маданият” жылына жана 3-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк майыптарды коргоо күнүнө карата Жалал-Абад облусунда “Соолубасын үмүттөр – 2017” кароо-сынагы өткөрүлөт. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.
Кароо-сынактын башкы максаты кыргыз элин биримдик менен ынтымакка чакыруу жана аярлуу катмарлардын жашоо деңгээлин көтөрүү менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын таланттарын элге кеңири тартуулоо болуп саналат. Сузак районундагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын “Асыл-Ай” коомунун жетекчиси Жумакан Жаркулова кароо-сынакты уюштуруп өткөрүүнүн демилгечиси катары чыкты.
Кароо-сынакка 5 жаштан 60 жашка чейинки 200гө жакын чыгармачыл өнөрлүү ДМЧАлардын өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө. Областтын район-шаарларында кароо-сынак 3 аймактык этап менен өткөрүлүп, жеңүүчүлөр 1-декабрда облустук Барпы театрында өтүүчү жыйынтыктоочу концертке жолдомо алышат. Аймактык жана облустук турда 1,2,3 орундарды ээлеген командалар менен жеке аткаруучуларга баалуу сыйлыктар тапшырылат. Ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев өзүнүн резервдик фондунан кароо-сынакты өткөрүүгө 80 миң сом каражат бөлүп берди.
3-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк майыптарды коргоо күнүнө карата ыйгарым укуктуу өкүл өзүнүн резервдик фондунан Жалал-Абад шаарындагы балдардын психонервологиялык диспансерине 10 мин сом жана Жалал-Абад шаарындагы көзү азиздер менен дүлөйлөр коомуна 10 миң сом каражат бөлүп берди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ