Menu

“Кыргызтелеком” ишканасынын жетекчилигине кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Башкы прокуратура тараткан маалыматка караганда, “Кыргызтелеком” ишканасынын башкармалык кеңешинин төрагасы Эмил Эшеналиев тарабынан чет өлкөлүк компаниянын бир тараптуу талабы менен интернетти кымбат баада сатып алуу боюнча мамлекетке пайдасыз келишим түзүлгөн.

Ага ылайык, аталган ишкана 29-июль күнү Казакстандын «К.Т.К.»,1-августта «G.К.S.G.» компаниялары менен интернеттин 1 мГб/с 30 доллардан сатып алуу боюнча бир жылдык мөөнөткө келишим түзгөн. Келишим Кыргызстандын мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзамдарынан тыш, эч кандай сынаксыз, бааларга мониторинг жүргүзүүсүз бекитилген. Натыйжада бул келишимдин негизинде “Кыргызтелеком” казакстандык компанияларга 275 миң долларды ашыкча төлөгөн, деп билдирет Башкы прокуратура.

Башкы көзөмөл органы ошондой эле Казакстандын «G.К.S.G.» компаниясы мурда “Кыргызтелекомго” интернетти 1 мГб/с 13,84 сомдон сатып келгенин белгилеп, мурунку келишим боюнча баалар 2016-жылдын 31-декабрына чейин өзгөрүлбөөгө тийиштигин бекемдейт. Ошондой эле маалыматта сентябрь-октябрь айларында Кыргызстанда интернет 15 доллардан тартып, 30 долларга чейин сатылганын антимонополиялык ишкана аныктаган.

Бул иш өкмөт алдындагы экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 + = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: