Menu

КР Өкмөтү «Манас эл аралык аэропортуна» инвестицияларды тартуу боюнча маалымат таратты

Бөлүшүү:

“Өкмөттүн Коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү аталган темадагы маселенин кеңири талкуулангандыгын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өлкөнүн жарандык аэропортторун өнүктүрүү боюнча иши тууралуу жетишсиз, айрым учурда так эмес жана тенденциялык мүнөздөгү ЖМКга жарыяланган маалыматтарды эске алуу менен төмөнкүлөрдү билдирет”, – деп жарыялады өкмөттүн расмий сайты

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын инвестиция маселеси боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча мамлекетик агенттиги тийиштүү тартипте жарандык аэропортторду өнүктүрүү моделин кароо, ошондой эле жаңы терминалдардын курулушуна инвестицияларды тартуу, учуучу-конуучу тилкелерди реконструкциялоо, ошондой эле аэропорттогу авиациялык эмес иштерди, анын ичинде сооданы жана коомдук тамактануу ишканаларын уюштурууну өнүктүрүү боюнча консультациялык жана аналитикалык иштерди өткөрүүдө.

Жүргүзүлүп жаткан иштердин негизги милдети улуттук кызыкчылыкты жана мыкты дүйнөлүк тажрыйбаларды киргизүүнү эске алуу менен «Манас эл аралык аэропорту» ААК жарандык аэропортторун өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоо болуп саналат. Учурда аэропорттордун мүмкүндүгү, алардын өлкө экономикасына салымы колдогу мүмкүндүктөргө дал келбейт. Буга байланыштуу аэропорторду жаңы сапаттык деңгээлге чыгаруу, андан соң заманбап, жогорку сапаттуу түйүндүү аэропортту (мындан ары – Хаб) түзүү мүмкүндүгү өзгөчө актуалдуулука ээ болууда, бул тартылган инвестицияларга жараша ишке ашырылуусу ыктымал.

Грузия жана Казакстан сыяктуу мамлекеттердин тажрыйбасы көрсөткөндөй, аэропорторду ишеним башкарууга берүү инфраструктураны өнүктүрүү, аэропортторду жана маршруттук багыттардын санын кеңейтүү үчүн жаңы мүмкүндүктөрдү ачат, өз кезегинде бул туризм, сооданын өнүгүшү, авиабилеттердин наркынын төмөндөтөлүшү ж.б. аркылуу жарандарыбыздын жашоо деңгээлин жогорулатууга таасирин тийгизет. Мында келечектүү инвесторлор менен сүйлөшүү процессинде Өкмөт бардык аэропорттогу жумушчу орундардын сакталышын, ошондой эле алардын ишинин көлөмүнөн түшкөн киреше бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы алып жаткан деңгээлден кем болбоосу тийиштигин талап кылат.

Өкмөт тарабынан улуттук аэропорттордун инфраструктурасын өзгөртүү боюнча активдүү иш жүрүүдө, анын натыйжасы катары өлкөдөн жүргүнчүлөрдү жогорку эл аралык деңгээлдеги тейлөө менен камсыздоо аркылуу дүйнөнүн каалаган точкасына жеткирүү мүмкүндүгү пайда болот.

Кыргыз Республикасы мурдагыдай эле учактары Европанын аба мейкиндиктеринде болуусуна тыюу салынган КМШдагы жалгыз мамлекет болуп саналат, буга байланыштуу компетенттүү компанияны тартуу ыкмасы менен аэропортторду өнүктүрүү мүмкүндүгүн конструктивдүү түрдө иштеп чыгуу башка эл аралык авиаташуучулардын келүүсүнө жол ачат, мунун өзү түзүлгөн кырдаалдан чыгууга оңдуу натыйжа берет.

Жогоруда айтылгандардын негизинде Өкмөт инвестицияларды тартуу менен мамлекеттин аэропортторун өнүктүрүү боюнча иш ачык, эл аралык тажрыйбаны колдонуу менен жана Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын сактоо аркылуу ишке ашырылаарын маалымдайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − 49 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: