Menu

Эки тоонун чөбүн эңсеген Өмүрбек Бабанов

Бөлүшүү:

Президенттик шайлоодон жеңилгенден кийин бийликтин жетегинде калган, «чүлүктөнгөн» Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келүүнү самап, жолдорун издеп, кайрадан саясатка аралашуу үчүн алайган көздөрү төрт! Бирок, аны Акүй билермандары бизнеси сакталып турганын эскертишип, оюндан четтетип койгону маалым. Учурда Атамбаев эл чогултуп, митинг баштап атканда Бабановго карай чакырыктар болууда. Тилекке каршы, БӨТ мындай кырдаалдын өтүп кетишин күтүп, «экс-президентти колдобой койсом бийлик бооруна тартабы?» дегендей үмүт кылып атканы байкалды. Эгерде соодалашуусу өтпөй калса, бийлик дагы жерип койсо, Атамбаевге кошулбай калганы үчүн өкүнбөйбү? Ушундай кырдаалда «сахнага» чыкса жылдызы жанмак, бирок, андан аркы келечегин тобокелдикке салууга туура келмек. Айтор, эрдигин көрсөтө албады. Аныгында, чет өлкөдө безип жүргөн Бабанов эки тоонун чөбүн самап, сарсанаага бата баштаганы жашыруун деле болбой калды го. Ачык позициясын качан билдирет?

Айтмакчы, аз күн мурда Төрөбай Зулпукаров баштаган бийлик өкүлдөрү менен Өмүрбек Бабановдун Москвадан жолугушканы соцтармактарга жайылды. Сыягы, «соодалашуу» көркүнө чыкпай атса керек да…

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 76 = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: