Мамлекеттик салык кызматы 10 айда 63,9 миллиард сом салык жыйнаган. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алдын-ала маалымат боюнча, 2018-жылдын январь-октябрь айларында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 63 миллиард 909,3 миллион сом суммасында салыктар жана төлөмдөр чогултулду. Коюлган план 100,1 %га аткарылып, 68,2 миллион сомго ашыгы менен жыйналды.
2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 6 миллиард 271 миллион сомго же 10,9 %га жогорулаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ